Жаңылыктар
Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 272ге жетти
Дүйнө
Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 272ге жетти

16-апрель күнү кечинде Эквадордун түштүк-чыгышындагы аймагында күчү 7,8 баллды чапчыган жер силкинүүсү катталган. Катуу болгон жер титирөөнүн кесепетинен көп кабаттуу мейманканалар, ресторандар жана үйлөр урап түшкөн. 

Мындай катуу силкинүү 1979-жылдан бери биринчи жолу болууда. Эң көп жабыр тарткан аймактар деңиз жээгинде жайгашкан Гуаякиль, Портовьехо жана Манта шаарлары болгон.



Reuters интернет булагы өлкө президентинин кабарлоосуна таянып айткан маалыматында, башында 262 адамдын каза болуп, 2527 адам жараат алганы айтылса, акыркы жаңылыктарда каза болгондордун саны 272ге жеткенин жана дагы аталган сандын көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылат. 

Учурда Эквадордун президенти Рафаэль Корреа эң көп жабыр тарткан Манта шаарына келип, кабар алды. Учурда ал жерде урап түшкөн жайларда куткаруу топтору иштеп, үйсүз калгандарга убактылуу жай даярдап беришти.

Булак: rian.com.ua