Жаңылыктар
Жер тилкесин алдамчылык жол менен саткан жаран кармалды
Кылмыш
Жер тилкесин алдамчылык жол менен саткан жаран кармалды

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Февралдан бери ички иштер органдарына бир нече киши арыз менен кайрылган. Алар алдоо жолу менен ишенимге кирип, курулушка документ даярдап берем деп Военно-Антоновка айылындагы жер тилкелерин 3 миң 500 доллардан 8 миң долларга чейин саткан Кылычбек деген кишиге чара көрүүнү өтүнүшкөн. Кылмышка шектүү жабырлануучуларга ар кандай шылтоо менен акчаларын бербей жүргөн. Айрым учурда ал киши өзүнө таандык эмес жер тилкелерди дагы саткан.

Бул фактылар Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сокулук РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Аталган жарандан жабыркагандар болсо (0312) 607 567; (0312) 430 127 же (0312) 438 885 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.