Ал эми азыр ушу тапта, 2-июнь күнү, Суусамыр айыл аймагынын Биринчи май айылында дайынсыз жоголгон 3 жаштагы бала изделип жатат.
Белгилүү болгондой, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкек шаарынан Суусамыр өрөөнүнө эс алууга барган үй-бүлө Жолго аймагындагы суунун жээгинде отуруп, 3 жаштагы баласын таппай калышкан. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.