Жаңылыктар
Ташкент шаарын суу каптады
Өзгөчө кырдаал
Ташкент шаарын суу каптады

Өзбекстандын Ташкент шаарында катуу жаан жаап, шаарды суу каптады. Күбөлөр жааган жаандын кесепетин видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашты. Анда суу агымы менен күрөшүүгө мүмкүн болбой аткандыгын көрүүгө болот.

Акыркы жылдары жамгыр жаагандан кийин суу бир гана Ташкентти гана эмес, Өзбекстандын ири шаарларын каптап жатат. Ушундай кырдаал мурунку айда Букара менен Самарканд шаарларында болгон.