Жаңылыктар
Аида Касымалиева иш сапар менен Кытайга барды
Саясат
Аида Касымалиева иш сапар менен Кытайга барды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барды. Анын алкагында Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шень ЮэЮэ менен жолугушту, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык, соода-экономикалык мамилелер жана эки тараптын парламенттер аралык кызматташтыгын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.

«Кытай мамлекети Кыргызстандын приоритеттүү өнөктөш өлкөлөрүнүн бири. Соода-экономикалык байланыш өсүп жатканы эки өлкө үчүн тең мааниге ээ экендигин белгилеп кетүүбүз зарыл. Мындан ары да парламенттер аралык кызматташтыкты жогорулатуу максатында Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү жыйынынын туруктуу комитетин Кыргызстанга чакырам. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кытай менен парламенттер аралык жана партиялар аралык кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө кызыкдар», - деди Аида Касымалиева.

Ал эми Шень ЮэЮэ Кытай эл Республикасы Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык байланышты чыңдоого кызыга турганын билдирди. Соңунда эки тараптуу кызматташуу багытында бир катар маселелерди талкуулашты.