Кыргызстандык таэквондочулар Казакстанда өткөн жаш балдар арасындагы эл аралык турнирден 7 медаль алышты. Аталган турнир 1-2-июнда Казакстандын Темиртау шаарында өттү.
Жалпысынан медаль үчүн 350 спортчу күч сынады. А эми Кыргыызстандан машыктыруучу Фарух Садыковдун жетекчилиги астында 7 спортчу катышып, баары медаль алды. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык таэквондочулар 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту.
Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыгы:
Алтын
40 килограммга чейин - Аделина Алимбекова (10-11 жаш)
40 килограммга чейин - Салижан Батырбеков (10-11 жаш)
Күмүш
28 килограммга чейин - Азиретали Мырзамамытов (8-9 жаш)
63 килограммга чейин - Самаган Сайназаров (15-16 жаш)
Коло
35 килограммга чейин - Дилборой Баймырзаева (10-11 жаш)
40 килограммга чейин - Эгемберди Абдилатов (10-11 жаш)
58 килограммга чейин - Дилмурод Төрөбаев (15-16 жаш)