Жаңылыктар
Медреседе окугандар кесип үйрөнүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Медреседе окугандар кесип үйрөнүүдө

Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан 10 медресе өздөрүндө билим алып жаткан жаштарга кесип үйрөтүү максатында зарыл болгон жабдуу, техникаларды алышты. Мындай шаймандар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн гранттык каражаттын эсебинен, 3 млн 500 миң сомдук каражатка алынды. 

Эми медреселер өздөрүнүн окуу мекемесинин базасында кесип үйрөтө турган курстарды өнүктүрүп, жаштарды жумуш менен камсыз кылууга салым кошо баштайт. Медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөткөн долбоордун өкүлү Нурлан Токоновдун айтымында бул долбоор эч кандай коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөгөн, жаштарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүп, акысыз кесип үйрөткөн социалдык долбоор. 

Дагы бир максаты жаштарды радикализм, экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактап, коомчулуктагы коопсуздук менен туруктуулуктун орношуна салым кошот. Негизинен курстар “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник”, “Тикмечи” сыяктуу тогуз кесиптик багыт боюнча үйрөтүлүп жатат. 2015-жылдан тарта ушул күнгө чейин медреселерде ачылган кесип үйрөтүүчү курстардан жалпысынан 800дөн ашык уландар менен кыздар адистик алып чыгышкан. 

Жумуш менен камсыз болуунун көрсөткүчү 65-67% түзүп, алардын орточо айлык акысы 15-20 миң сомго жетүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу жана АВЕП коомдук фонду аркылуу ишке ашууда.