Жаңылыктар
Эски техниканы эптей албай эси кеткен чаткалдык жолчулардын көйгөйү
Аймак
Эски техниканы эптей албай эси кеткен чаткалдык жолчулардын көйгөйү

Чаткал районундагы №27 жол тейлөө мекемеси жаңы техникага муктаж болуп турат. Көп жыл мурун алынган техникалардын эскилиги жетип, натыйжа бербей калган. Былтыр эле 1 жарым миллион сомдон ашуун каражатка ремонт болгон грейдер дагы бузулуп, каражат талап кылууда. Эскини эптей албай эси кетип турган чаткалдык жолчулар, жаңы техника болсо ремонтко кеткен ашыкча чыгым кыскарып, кошумча түйшүк азаймак эле дешет.

Өткөн жылы 1 жарым миллион сомдон ашуун каражатка дал улуш грейдер ремонттолгон. 850 миң сомго кыймылдаткычы, 750 миң сомго коробкасы жаңыга алмаштырылган. Ага карабастан техника быйыл кайра дагы бузулуп жатат. Жол тейлөө мекемесиндегилер бул жагдай техниканын эскиргенинен улам болуп жатат дешет. Анткени грейдер 11 жыл мурун алынган. Бузулуп, кайра эле каражат талап кылып турган грейдер жол тейлөө мекемесинин ишенген техникасынын бири. Башка дагы автопогрузчик менен атайын техникалар болгону менен, алардын да көбү эски болуп, иш ыргагына кедергисин тийгизүүдө.

Эң алыскы райондун жолуна жоопкерчилик алган мекеме 215 чакырым жолду тейлейт. Шарты катаал аймактагы каттамды тейлөө оңойго турбайт. Тоо боорунан өткөн жолдорду кар жааган учурда тынымсыз сүрүп туруш керек. Жолчулар ал учурда тыным албай, жаралган кыйынчылыктын бардыгына чыдап иштейт. Мындайда эскирген техникалар жолчуларга кошумча иш жаратат.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, техниканын жетишсиздигинен улам Чаткалдын жолу кышында 10-15 күндөп жабылган учурлар да болгон. Кийин техникалык база чыңдалып, андай көйгөй жоюлган. Эми техникалардын эскириши менен жолчуларды иши кайрадан оор абалга кептелди. Чаткалда кыш 5-6 айга созулат. Аймак облус борборунан 400 чакырым алыс жайгашкан.