Жайкы эс алуу маалы башталып, билим берүү жайларында актап-сырдоо иштери башталды. Жалпы республика боюнча 2 миңден ашык мектеп болсо, анын бардыгына ремонт үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп берилген.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айылдык мектеби 50 жыл мурда курулган. Андан бери бир да жолу оңдоп түзөөдөн өтпөгөн мектепте, бюджеттен 13 млн сом бөлүнүп, былтыр капиталдык ремонт аяктады. Мектептерди куруу жана ремонттоо билим берүү жана илим министрлигинин ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири. Андыктан министрликтин өкүлдөрү турак жай-жарандык курулуш департаменти менен биргеликте курулуш жана ремонт иштери жүрүп жаткан айрым мектептердин абалы менен жеринен таанышып чыгышты.
Кыргызстанда баардыгы болуп 2262 мектеп бар. Жыл сайын аларды жеңил оңдоп-түзөөгө бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт. Ал эми капиталдык ремонт иштери эки жыл мурда 40 мектепте жүргүзүлсө, былтыр ага каражат бөлүнгөн жок. 2018-жылы 68 жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилгени менен, көп мектеп толук оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат.
Быйыл дагы мектептердин капиталдык ремонтуна каражат бөлүүгө каржы министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөн. Бирок ушул кезге чейин жооп жок. Ал ортодо эс алуу учурунда мектептерди жеңил оңдоп түздөөдөн өткөрүп, жаңы окуу жылына карата даярдыктар башталды.
Билим берүү министрлиги бир катар мектептердин ремонтуна жана курулушуна каралган акчаны бөлүп берүүнү тездетүүгө кызыкдар болуп турат. Ушул кезге чейин каражат бөлүнүп, тендер өткөрүлүшү керек эле. Ошол себептен жаңы окуу жылына белгиленген ремонт жана курулуш иштери болбой калуу коркунучунда турат.