Жаңылыктар
Премьер-министр аткезчиликти жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды
Экономика
Премьер-министр аткезчиликти жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

«Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат, республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат». Бул маселеде коррупциялык көрүнүштөр жана түз кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакы мамиле кылуу бар экендигин моюнга алуу керек. Буга укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экендиги өкүндүрөт. Аткезчилик жүктөрдү ташуу маселесине чекит коюш үчүн биз көзөмөлдү катаалдатып, автоматташтырылган тутумду киргизүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтөбүз, бул чек арада жүктөрдү, унааларды каттоо жана байкоону камсыздайт», – бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына эсепке алынбаган ар түрдүү топтордогу товарларды ташууга каршы чараларды күчөтүү боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.