Жаңылыктар
Ош шаарындагы сейил бактардын коопсуздугу текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы сейил бактардын коопсуздугу текшерилди

Мамлекеттик экология жана техникалык инспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери эс алуучу жайларды текшеришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын инспектору Асанбек Мамыраимов билдирди.

Анын айтымында, сейил бактардын ээлерине аттракциондордун абалы, техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Негизинен техникалык, өрт, энергетикалык, экологиялык мыйзамдардын талаптарын аткарууда жана жашы жете элек балдардын эмгегин коргоо жаатында түшүндүрүү иштерин алып бардык», - деди А.Мамыраимов.

Буга чейин А.Навои сейил багында крандын көтөргүчү жерге кулап, эки киши жаракат алган.

Күбөлөрдүн айтымында, крандын көтөргүчүндө 2 адам болгон. Алар дарактарды бутап жатышкан. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барып, жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.