Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков борбордук мечиттеги айт-намазга катышты
Дин
Сооронбай Жээнбеков борбордук мечиттеги айт-намазга катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда ыйык Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарынын борбордук мечитине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы мекендештери менен Айт намазга катышты.

Ал эми өлкө башчынын куттуктоосун Бишкек шаарынын Эски аянтындагы Айт намазда бүгүн, 5-июнда Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берген болчу.