Жаңылыктар
Н.Назарбаев президент Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады
Дин
Н.Назарбаев президент Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев куттуктады.

«Бүт мусулман калкы үчүн ыйык болгон Рамазан айында жана ырайымдуу Орозо айт майрамында бардык кайрымдуулук иштери жана сыйынуулар кабыл алынсын. Исламдын жакшы жактарын көрсөткөн, бакубатчылыкка, сабырдуулукка жана ырайымдуулукка чакырган Айт майрамы баарыбызга жакшылыктарды алып келсин», — деп айтылат Казакстандын туңгуч Президентинин куттуктоо телеграммасында. 

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын боордош элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.