Жаңылыктар
Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курамалары беттешет
Спорт
Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курамалары беттешет

Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командалары 11-июнда беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Беттештин алдында күйөрмандар үчүн көңүл ачуучу программа тартууланат. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал күнү стадиондун бир тарабында фанаттар аянтчасы да ачылат. Анда стол үстүндө ойнолчу оюндар, сүрөткө түшүү аянты жана балдар ойноочу жай уюштурулат. Ошондой эле күйөрмандарды түрдүү сынактар менен баалуу белектер күтөт.