Жаңылыктар
Россияда Ч.Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Спорт
Россияда Ч.Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

12-июнда Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан бир команда барат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнир 2020-жылы жарыялана турган Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлмөкчү. 

Ошондой эле мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болмокчу. Турнирдин максаты - кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу экендиги белгиленген. Спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, аталган мелдеште өлкө намысын орус улутунан куралган "Атуул" командасы коргомокчу. Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун кубогу менен сыйланса, катышуучулар сувенирлерге ээ болору айтылды.