Жаңылыктар
Электр зымдарынын тирөөчтөрүн чыгаруучу заводдун экинчи линиясы ишке кирди
Экономика
Электр зымдарынын тирөөчтөрүн чыгаруучу заводдун экинчи линиясы ишке кирди

Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Балыкчы шаарында “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун базасында жаңы электр зымдарынын тирөөчтөрүн чыгаруучу заводдун экинчи линиясы ишке кирди. Бул ишкана 2017-жылы энергетиктердин өздүк салымы менен түптөлүп, жылына алты жүз темир бетон зым тирөөчтөрүн чыгарып турууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми экинчи линиянын жардамы менен чыгарылган продукциянын көлөмү көбөйөт. Жалпы жети миллион сомго түптөлгөн ишканада жети адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болгон.

Эске сала кетсек бул ишкананы ачуу менен энегетиктер бир топ каражатты үнөмдөйт. Себеби жеке менчик ишканалардан алынган мындай тирөөчтөр эки эсе жогорку баа менен келип турчу. Азыркы тапта бир тирөөчтүн баасы болгону беш жарым миң сомго айланат. Белгилей кетсек Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергиясы менен камыздаган “Чыгыш электр” ишканасы тарабынан келечекте жыйырма миңге жакын тирөөчтөр алмаштырылат. Себеби өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары коюлган тирөөчтөр эскирип, керектен чыга баштаган.