Жаңылыктар
Жаңы кайгуул милиция кызматына ишке орношууга миңден ашык киши кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы кайгуул милиция кызматына ишке орношууга миңден ашык киши кайрылды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгын түзүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгы учурдагы Кайгуул-посттук кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча түзүлгөн ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун сунуштарын ишке ашыруунун алкагында, 2019-жылдын 6-майынан 6-июнга чейин жаңы түзүлүп жаткан Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгына кызматкерлерди тандоо боюнча ачык сынак өткөрүлүүдө.

«Бүгүнкү күнү 1024 рапорт жана арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 308 арыз жарандардан, 716сы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен келип түшкөн», – деди Ички иштер министрлигинин орун басары Алмазбек Орозалиев.

«Пилоттук долбоор боюнча материалдык-техникалык базасын чыңдоого, анын ичинде жеңил унааларды, электрошокерлерди, борттук компьютерлерди жана башка атайын каражаттарды сатып алууга, ошондой эле атайын кийим менен камсыздоого 197 миллион сом бөлүү болжонууда», – деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков .

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген иш-чараларды өз убагында каржылоону, ачык жана сапаттуу тандоо сынагын өткөрүүнү артыкчылыктуу тартипте камсыздоону тапшырды.