Жаңылыктар
Нөшөрлөгөн жаандан өлкөнүн бир нече аймагы жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Нөшөрлөгөн жаандан өлкөнүн бир нече аймагы жабыркады

Кечээ түнү жааган нөшөр жаандын кесепетинен айрым аймактар жабыркады. Жалал-Абад облусунда Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 16-22-чакырымында кокту-колоттон келген шагыл таш унаа жолду тосуп калып, жеңил унаалар өтүүгө мүмкүн болбой жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Ал эми Өзгөн районунда Семиз-Көл айылынын колотунан түшкөн сел 2 турак үйдү жана 1 сарайды каптаган. Азыркы тапта айыл тургундары сууну нугуна буруу аракетин көрүүдө. 

Чүйдүн Москва районунда дагы сел жүрүп, Петровка-Нарзан ички чарбалык унаа жолунун 26-27-чакырымын кум-шагыл тосуп калган. Жол таңга жуук тазалаган.