Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Чек ара
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт-автожол" жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара 7-июндан 9-июнга чейин кытай тараптын демилгеси менен жабылат. Бул күндөр аралыгында Кытайда күрүч майрамы белгиленет. Жарандар менен унаалар 10-июндан тарта өткөрүлө баштайт.