Жаңылыктар
Бишкекте өтө турган ШКУ саммитин 300дөн ашык журналист чагылдырат
Саясат
Бишкекте өтө турган ШКУ саммитин 300дөн ашык журналист чагылдырат

Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин 300дөн ашык журналист чагылдырат. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 22-майдан тартып, 14-июнга чейин Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жыйынын чагылдырууга катыша турган чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо иши башталган. 

Ага ылайык, Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Россия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде, ТИМден аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин (Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германия) журналисттери уруксат алды.

Булардын ичинен 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиктери жана 10 гезит, атап айтканда, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, CCTV кытай телеканалы, "Синьхуа" маалымат агенттиги, "Россия" Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, УзА – Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги, Indian Express, "ИоМиури" япон гезити, Daily Pakistan жана башкалар.