Жаңылыктар
Айылын өнүктүрүү үчүн атайын фонд ачкан Москвадагы мекендештер
Мекендештер
Айылын өнүктүрүү үчүн атайын фонд ачкан Москвадагы мекендештер

Расмий эмеc маалыматка ылайык, Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын саны миллионго жетет. Алардын көпчүлүгүнүн, бир эле өз үй-бүлөсүнө эмес, айылына да жардамы тийип жатат. Айта кетсек, өлкөдөгү жаңы курулуп жаткан фабрика, заводдордун, бала бакчалардын жана спорт комплекстердин курулушуна жардам берип, фонддорду түзүп, айылдын өнүгүшүнө да салымын кошууда.

Баткен облусунун Кызыл-Булак айылынын тургуну Зулпидин Нурматов Москвада жүргөнүнө 14 жылдын жүзү болуптур. Алгач ушул типографияда ал жүк ташып иштеп, ошо менен болду деп отура бербей, эмгектенип 15 станокто иштегенди өздөштүргөн. Эми азыр иш берүүчүлөр үчүн баалуу кызматкер.

Эки жыл мурда ал, атайын түзүлгөн фонддун ишин жандандырууга жердештерин чакырат. Фонд 2012-жылы түзүлүп, айылды өнүктүрүүгө багытталган. Россияда азыр кызыл-булактык миңден ашык тургун эмгектенет. Мына ушул айылдаштар аталган фондго айына 300 рубльдан которуп турат. Колунан келгендери андан да көп каражат которуп, бир айда 50 миң рубль чогултуп коюшат. Былтыр миллион сомдон ашык каражат, айылдын керегине жараган.

Айылды өнүктүрүү үчүн деп түзүлгөн фонддун төрагасы ар эки жыл сайын алмашып турат. Бул жылы Зулпидин Нурматов ишин Нургазы Кадыровго тапшырган. Кызыл-Булактык Нургазы Москвадан жогорку билим алып, фармацевтик тармакта өз ишин улантууда. Ал үстүбүздөгү жылы аткарылуучу иштердин планы менен бөлүштү.

Фонддо кайрымдуулук иштери дагы аткарылат. “Балык эмес, кайырмак бер” демекчи, айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө тамак ашын эле эмес, ишин улантып кетүүгө деп бирине чөп чапкыч, дагы биринин суранычы менен сепаратор алып беришкен.

Кайсыл жерде биримдик болсо, ошол жерде жеңиш болот! Кызыл- Булактыктар мекендештерге ыраазы. Фонддо жүргүзүлүп жаткан иштер ачык айкын экенин анын мүчөлөрү айтат. Анткени, чогулган каражат кантип, кайда жумшалып жатканы ай сайын маалымдалып турат. Көп түкүрсө көл болот дегендей, мындай фонддордун саны да өсүп жатканы кубандырбай койбойт.