Жаңылыктар
ӨКМ: шашылыш билдирүү
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-апрелге чейин аба-ырайы туруксуз болоорун билдирди. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 

Бүгүн күндүз жана 19-апрелде түн ичинде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. 

Тоолуу аймактарда унаа жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы 10-12 градус төмөн болот. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн. 

Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү мекемелерге керектүү күч-каражаттарды даярдыкта кармоону талап кылат жана сел агымдарын коопсуз өткөрүү боюнча арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүнү өтүнөт.