Жаңылыктар
Жаңы мектептердин курулушуна канчалык деңгээлде маани берилүүдө?
Билим
Жаңы мектептердин курулушуна канчалык деңгээлде маани берилүүдө?

Жыл сайын окуучулардын саны көбөйүп жаткандыктан мектеп менен камсыз кылуу маселеси көйгөй жаратып келет. Көбүнчө ички миграцияга байланыштуу мындай жагдай Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде байкалууда. Деги эле республикада мектептердин курулушуна канчалык деңгээлде маани берилүүдө, жаңы мектептердин курулушу канчалык сапаттуу?

Совет мезгилинде Финляндиянын курулуш долбоорунун тибинде курулган бул эски мектеп авариялык абалга кептелип, былтыр окуучуларды кабыл алган жок. Чүй облусундагы Үч-Эмчек айылындагы бул мектеп биротоло жабылып, окуучулар былтыркы окуу жылын жаңы мектепте улантышты.

Кыргызстанда ушул тапта 2 миңден ашык мектеп бар. Бирок ошого карабай, мектепке болгон муктаждык бар. Акыркы жылдары жалпы эле өлкө аймагында мектептерди куруу иштери жанданды. Соңку 10 жылда 400 го чукул жаңы мектеп салынган.

Анткен менен жаңы салынган мектептердин сапаты тууралуу көйгөйлөр бар. Ысык-Ата районундагы курулуп жаткан мектептин сапаты жакшы болбой жатканын жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Жагдайды мектепти куруп жаткан компания өкүлдөрү да моюнга алды.

Жагдайды билүү максатында билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен турак жай-жарандык курулуш департаменти биргеликте жеринен текшерүү иштерин жүргүздү.

Негизинен өлкө аймагындагы курулуп жаткан мектептер курулуш департаменти, экотехинспекция жана автордук көзөмөл кылуучу органдар тарабынан баштан аяк текшерилип турат. Ал эми курулуш бүткөндөн кийин 1 жыл аралыгында мүчүлүштүктөр чыкса, курган компания өз эсебинен оңдоп берүүгө милдетүү.