Жаңылыктар
Эмгек мигранттары которгон акча 2 жарым миллиард доллардан ашты
Экономика
Эмгек мигранттары которгон акча 2 жарым миллиард доллардан ашты

Эмгек мигранттары которгон акча каражаттары быйыл дүйнө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ал эми жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 161 миллион доллардан ашык каражат которгон. Миграция кызматы кабарлагандай, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын которгон каражаты 2 жарым миллиард доллардан ашкан. 

Айта кетсек, ушул тапта 800 миң кыргызстандык жаран чет элде эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80 пайызы Орусияда. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына караганда, өлкө аймагында 6 миллион 150 миң адам жашайт. Бул ар бир жетинчи кыргызстандык Орусияга кеткен дегенди түшүндүрөт.

“Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 миллиард доллардан ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”,- деди Миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов.