Жаңылыктар
Өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалы боюнча кеңешме өттү
Экономика
Өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалы боюнча кеңешме өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтуусунда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4% өскөн жана өсүш 4,4% баалуу металлдарды өндүрүүнүн жана 8,1% пайдалуу кендердин өсүүсүнүн эсебинен камсыздалган. 

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшкөн каражат 10 миллиард 687 миллион сомдон ашкан. 

"Тармакта 18 миңден ашуун адам иштейт. Үстүбүздөгү жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда", - деди ведомство жетекчиси. 

Өкмөт башчы кен иштетүү багытындагы сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.