Жаңылыктар
ТИМ Түркия элчисин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды
Саясат
ТИМ Түркия элчисин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Кыргыз  Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын Элчисин сабырдуулук  көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырат

Бүгүн, 6-июнда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Кечээ, 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө Элчинин, Женгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына Министрликтин нотасы тапшырылды.

Министрлик Түркия Республикасынын Элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.