Жаңылыктар
Кыргызстан - Түркия кызматташтыгы
Экономика
Кыргызстан - Түркия кызматташтыгы

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын соода биржалары жана палаталары Бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклы оглуну кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркия ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги талкууланды. 

Алмазбек Атамбаев жана Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу ошондой эле түркиялык компаниялардын Кыргызстандагы ишмердигине жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында экономикалык эркиндикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан иштерге да көңүл бурушту.

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кириши жана Евробиримдик тарабынан артыкчылык макамынын берилиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жакшыртуунун мааниси белгиленди.