Жаңылыктар
Санкт-Петербург шаарында эл аралык экономикалык форум өтүп жатат
Экономика
Санкт-Петербург шаарында эл аралык экономикалык форум өтүп жатат

 

Санкт-Петербург шаарында экономикалык форум өз ишин баштады. Форумдун программасы 4 тематикалык бөлүктөн турат: "Балансты табуу боюнча дүйнөлүк экономика", "Россия экономикасы: улуттук өнүктүрүү максатын ишке ашыруу", "Келечекти жакындаткан технология" жана "Барынан мурда - адамзат" деп аталат.  Программанын негизинде 120 ашык иш-чара - жыйындар, сессиялар, тегерек үстөлдөр жана теледебаттар уюуштурулат. 

Экономикалык форумдун ачылыш аземине катышкан даражалуу коноктордун катарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасы Тигран Саркисян жана Молдованын Президенти Игорь Додон катышты.
Бул форумдун катышуучуларынын көпчүлүгү эле Евразия айдыңында санариптик ифраструктуранын келечектеги кызматташтыгы тууралуу так жана жеткиликтүү ою, көз карашы барбы? Санарип экономиканын доорунда чет элдик инвестицияларды тартуунун кандай жаңы жолдору бар? Бул багытта максаттар менен тапшырмалар так белгиленип, болгону эле аларды этап этабы менен жүзөгө ашыруу гана калганы белгиленди.