Жаңылыктар
Орок айылындагы абал туруктуу
Кырсык
Орок айылындагы абал туруктуу

Орок айылындагы абал жөнгө салынды. Айыл аксакалдары жана жаштар чогулуп сүйлөшүп, бир пикирге келишти. Орок айылынын жашоочуларынын баамында мындан кийин баш аламандыктар кайталанбашы керек.

Бир пикирге келген сүйлөшүү көпкө созулган жок. Түштөн кийин Орок айылына чогулган эл акырындык менен тарап жатышты. Эркектер бири-бири менен кол алышып, эгер пикир келишпестиктер болсо аны футбол аянтында топ тээп чече турган болушту.

 Эске салсак, балдар арасында уруш чыгып, бейбаштык деп катталган болчу.