Жаңылыктар
Кайрымдууларды калк кадырлайт!
Аймак
 Кайрымдууларды калк кадырлайт!

Ысык-Көл районунун тургуну, көп балалуу үй-бүлөгө өз эсебинен турак жай салып берип, томолой жетим балдарга кол сунган  Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Саламат Кыдыралиев Ысык-Көл районундагы активдүү инсандардын жана ишкерлердин бири. 

Буга чейин томолой жетим балдарга, бала бакчаларга, мечитке акчалай жардам көрсөтүп келген. Өз каражатына төрт баласы бар бир үй-бүлөгө былтыр турак жай салып берип, кубанткан.
Кыргыз коомундагы өзгөчө сыпаттардын бири - марттык, берешендик, жоомарттык. Илгертен жамаатташып жашаган кыргыздар, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбойлу деп, жардысын журтка таштабай, ар дайым жардам берип келген. Эң негизгиси кандай гана тарыхый процесстерди башыбыздан өткөрбөйлүк, кандай коомдо жашабайлык ар бирибиз кайрымдуу болуп, кийинки муунга татыктуу тарбия бергенибиз жакшы.