Жаңылыктар
Бир млрд.сом чет элдик банкка мыйзамсыз которулганбы?
Кылмыш
Бир млрд.сом чет элдик банкка мыйзамсыз которулганбы?

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Кумар оюн ишине тыйуу салуу жөнүндө” мыйзамына карабастан, “Т” конторасынын өкүлдөрү өз ишин улантып келген. 

Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражаты алынды. Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания КР чегинин сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттары которулган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.