Жаңылыктар
Айыл чарба азыктарын экспорттогон ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат
Экономика
Айыл чарба азыктарын экспорттогон ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат

Айыл чарба азыктарын Казакстан жана башка өлкөлөргө ташып иштеген ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, ишкерлер кошумча нарк салыгы, сатуу салыгы, киреше салыгы жана мүлк салыгынан бошотулат. Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдиргендей, өлкөнүн Салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге белгилүү талаптар коюлат. 

Алардын ишмердүүлүгү ата мекендик айыл чарба азыктарын иштетүүгө багытталган болушу шарт. Мындан сырткары, ишкерлердин бардык талаптарга ылайыктуу, шарты каралган кампалары, жер аянттары, өндүрүш жайлары болушу керек.