Жаңылыктар
"Кыргыз туризм" ишканасынын ишмердүүлүгүнө арналган кеңешме өттү
Туризм
"Кыргыз туризм" ишканасынын ишмердүүлүгүнө арналган кеңешме өттү

"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча долбоордук сунуштар бир айлык мөөнөттө сапаттуу иштелип чыгып, уюмду каржылоонун бардык маселелери чечилсин. Мындай тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы боюнча өткөргөн кеңешмеде берди. 

Ишкананын директору Данияр Казаковдун айтуусунда, иштин негизги багыттары болуп, өткөрүп берилген мамлекеттик туристтик объектилерди натыйжалуу башкаруу иштерин, туризм жаатында артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну айтса болот. Токой чарбаларынын аймактарында жаңы туристтик каттамдарды иштеп чыгып, тейлөө кызматтарын жакшыртса болот.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, туризм чөйрөсү кирешелүү болуп, бюджетти туруктуу түшүүлөр менен камсыздап жана аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүшү керек.

«Биздин өлкөнүн жыл ичиндеги туристтик потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу үчүн туризм тармагын өнүктүрүүнүн жалпы багыттарын аныктаган жаңы стандарттар жана механизмдер менен иштеп баштоо зарыл, - деди ал. - Мамлекеттин бардык ресурстарын мобилизациялап, туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө берүү боюнча так көз караш болушу керек, жаңы туристтик багыттарды аныктап, жаңы бизнес-куралдарды киргизүү зарыл. Жашоочулар туризмди илгерилетүүгө активдүү катыша ала турган туристтик объекттер мүмкүндүккө жараша ар бир айылда түзүлүшү кажет. Өнүккөн өлкөлөрдө туризмдин үлүшү 12-13% жетет, бизде бул көрсөткүч 5% барабар. Бул көрсөткүчтү 7-8% чейин жеткирүүгө тийишпиз»,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.