Жаңылыктар
Кулматов менен Ибраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды
Коррупция
Кулматов менен Ибраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды

 Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов  камакта калтырылды.  

Белгилей кетсек, экс-мэрлердин  кылмыш иши боюнча процесс уланууда.  Соттук отурумда  жактоочу Сергей Слесарев  айыпталуучулардын баш коргоо чараларын өзгөртүүнү суранды.  Судья токтомду окуп, жактоочунун өтүнүчү канааттандырылбагандыгын айтты. 

Эске салсак, мурдагы  шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда.  Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган.  

Кубанычбек Кулматовго  2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылууда.