Ысык-Көл облусунда быйылкы жайкы эс алуу убагынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Бул багытта бир катар жумуштар аткарылууда. Алсак туристтик каттамдарда жол оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары, айрым айыл жолдорунда жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, быйыл жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 29 чакырым жол жана үч көпүрө толук оңдоп түзөөдөн өтөт.
Быйылкы жылы эс алуучулар эң көп каттаган Чоң Ак-Суу капчыгайына жана Кырчын жайлоосуна кетүүчү жолдо алгачкы даярдык иштери жүрүп, жолдо утурумдук ремонт иштери жүргүзүлгөн. Ремонт иштери быйыл жолчулар үчүн жеңил болду. Себеби былтыр мамлекет тарабынан колдоо болуп жалпы отуз чакырымдан ашык жол толук оңдоп түзөөдөн өткөн.
Эске сала кетсек, былтыркы үчүнчү дүйнөлүк өчмөндөр оюндарынын алкагында мына ушул чоң Ак-Суу капчыгайы жана Кырчын жайлоосунун жолу бириктирилип мына ушул жолдо жалпы он сегиз миллион сомдук оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ысык-Көлгө келген туристтердин басымдуу бөлүгү мына ушул эки кооз жерге сөзсүз келип кетет. Андыктан жол каттамдары да тийешелүү деңгээлде болушу керек.
Жол ишканасынын башчысы Бакыт Мусалимовдун билдирүүсүндө бул жол элге бери дегенде беш алты жыл жакшы кызмат кылып берет. Буга чейин жыйырма беш жыл каралбаган жол жергиликтүү конок тоскондордун негизки көйгөйү болчу.
Туристтердин ыңгайлуулуктары үчүн Ысык-Көл районундагы айрым жол жээгиндеги дааратканалар, аялдамалар толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми айыл жол каттамдарын жакшыртуу, толук оңдоп түзөө иштери азыр бардык райондордо башталды. Ар бир райондо быйыл үч чакырымдан кем эмес жолдо толук оңдоп түзөө иштери жүрөт.
Ал эми Ак-Суу районунун жолчулары мурда асфальт төшөлбөгөн Энчилеш айылына жаңы асфальт жаткыра башташты. Бул жолдун узундугу бир чакырымды түзөт. Жалпысынан бул райондо быйыл төрт жарым чакырым жолдо капиталдык ремонт иштери жүргүзүлөт.
Эске сала кетсек, жол ондоо иштери Тоң районунда да жүргүзүлүп, быйыл үстүңкү өрөөндүн он сегиз чакырымында толук ондоп түзөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, туристтик каттамдарда да утурумдук ремонт иштери жүрүүдө.