Жаңылыктар
Ата-мекендик жемиштерди экспорттогон ишкерлер салыктан бошотулат
Экономика
Ата-мекендик жемиштерди экспорттогон ишкерлер салыктан бошотулат

Жер-жемиш, жашылчаларды  Казакстан жана башка өлкөлөргө ташыган  ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты. 

 Маалыматка ылайык, ишкерлер кошумча нарк салыгы, сатуу салыгы, киреше салыгы жана мүлк салыгынан бошотулат.  Салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге белгилүү талаптар коюлат. Алардын ишмердүүлүгү ата-мекендик айыл чарба азыктарын иштетүүгө багытталган болушу шарт.  

Мындан сырткары ишкерлердин баардык талаптарга ылайыктуу, шарты каралган кампалары, жер аянттары, өндүрүш жайлары болушу керек.