Гарварддагы медицина окуу жайынын окумуштуулары ден соолукту чыңдап, өлүмдү азайтуу үчүн күнүнө 7,5 миң кадам жасоо керек экенин аныкташкан.
Иликтөөнүн жыйынтыгы The New York Post гезитине жарыяланды. Анда адистер 4 жыл катары менен 62 ден 101 чейинки курактагы 16 миң аялдын жашоосун изилдешкен.
Бул учурда аялдарга кадамын жана кыймылдаган ылдамдыгын санаган трекер таратышкан. Жыйынтыгында 2 миңдин тегерегинде кадам жасаган аялдар өлүмгө дуушар болушкан. Ал эми 4 миң кадамдан ашык баскандардын көрсөткүчү алда канча жакшы экени аныкталган.