Жаңылыктар
Мыйзамсыз киреше табуудагы туруктуу схемага бөгөт коюлду
Кылмыш
Мыйзамсыз киреше табуудагы туруктуу схемага бөгөт коюлду

Мыйзамсыз киреше табуудагы туруктуу схемага бөгөт коюлду. 2019-жылдын 3-июнунда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан туруктуу схема аныкталды. Аны чет элдик жарандар банк кызматын жана эл аралык төлөө системасын колдонуу менен уюштурган. 

Такталгандай, 2015-жылы белгиленген “Кумар оюнунун ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга карабастан, “Т” конторасынын өкүлдөрү коммерциялык банктардын, төлөө терминалдарынын жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, өздөрүнүн мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча коюм катары төлөмдөрдү алып турган. Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банктардын жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган.

"Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражаты алынды. Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания КР чегинин сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттары которулган. Азыркы убакта “Э” ЖЧК жетекчиси чет элдик жаран Ю.А. КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат",- деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.