Жаңылыктар
Чек арачыларга кол көтөргөн жаран кармалды
Чек ара
Чек арачыларга кол көтөргөн жаран кармалды

"Токмок-автожол" чек ара өткөрмө бекетинде чек арачыларга кол көтөргөн жаранды милиция кармап кетти. Чек ара кызматы билдиргендей, окуя 4-июнда болгон. Жаран өткөрмө бекеттен чек ара тартибин бузган үчүн кармалган. Ал унаасынын багына күйүүчү майды толтуруп, дагы кошумча 20 литрлик канистрде алып кирип келе жаткан. 

Чек арачылар ага мындай аракет өлкө мыйзамдарына туура келбей турганын түшүндүрүүгө аракет кылганда ал киши өзүн агрессивдүү алып жүрүп, чек арачыларды түрткүлөгөн жана тасмада көрүнүп тургандай бир чек арачыны ичке чаап салган. Мындан кийин жаран кармалып, милицияга өткөрүлүп берилген. Факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынды.