Жаңылыктар
Петербург форумунун экинчи күнүндө кандай маселелер көтөрүлдү?
Экономика
Петербург форумунун экинчи күнүндө кандай маселелер көтөрүлдү?

Петербург форуму өз ишин экинчи күнү дагы улантууда. Бүгүнкү негизги делген иш-чаралардын бири “Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин аныктоо” деген аталышта пленардык жыйын өттү. Ага Россиянын, Кытайдын жана башка мамлекеттердин өлкө башчылары катышты.

Бүгүнкү форумда чечилип жаткан маселелер да, аба ырайы да ысык болуп жатат. Петербургдагы термометр 30 градусту көрсөтүп, июнь айынын башталышы үчүн аябагандай ысык болууда. «Экспофорум» конгресс-борборунда да, жылуу мамиледе, биринин артынан бирин улай миллион долларлык контрактарга кол коюлууда.

Форумга 75 мамлекеттен 270 компания өкүлдөрү келген. Ага Кыргызстан да катышууда. Кытайдан 60 компания менен миң адам катышып, сан жагынан алдыңкы сапта. Өкүлдөрдү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Циньпин баштап келген. Ал эми АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү форумга катышуудан баш тарткан. Бирок, ар кайсы штаттан 400дөн ашык ишкер келгени белгиленди. Форум аянтчасы кызматташтыктын бекемделишине жакшы шарт түзүүдө.

Петербург экономикалык форуму - уникалдуу жана катышуучу ар өлкө үчүн пайдалуу экени айтылып, аны Давос форуму менен салыштырышууда. Форумду дүйнөнүн миндеген маалымат каражаттары чагылдырууда.

Форумдун жүрушүндө өтүүчү атайын 170 иш чара белгиленген. Анын негизгилеринин бири “Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин аныктоо” деген пленардык жыйын болду. Ага Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Болгариянын президенти Румен Радев, Армения менен Словакиянын премьер-министрлери Никол Пашинян менен Петер Пеллегрини, Бириккен Улуттар Уюумунун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышты.

Петербург эл аралык экономикалык форуму 1997-жылдан тартып өткөрүлүп, 2006-жылдан тартып, Россиянын өлкө башчысы катышып келет. Форум акыркы 20 жылда дүйнөнүн төрт бурчунан келген ишкерлердин бир бири менен баарлашып, бул жаатта түрдүү жаңы саамалыктар менен таанышып, болочок багыттарга бирге кадам таштап, кызматташтыктардын чыңдалышына мыкты шарт түзгөн аянтча болуп калды.