Жаңылыктар
Шамил Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү
Кылмыш
Шамил Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу өткөн айда кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Атаханов кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

“Адвокаттын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү маалында Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди. Буга байланыштуу аны камакта кармоо тууралуу бөгөт чарасы башкага өзгөртүлдү”, - деп айтылат ИИМдин расмий маалыматында.

Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп турган Шамил Атаханов 21-майда кармалып, 26-июнга чейин тергөө абагына камалган. Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Буга байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер кармалды. 7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, Батукаев бошотулганда Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөнү белгилүү болду.