Жаңылыктар
ЖК: өкмөттүн айыл-чарбага тиешелүү 2015-жылдагы аткарган иштери каралды
Айыл чарба
ЖК: өкмөттүн айыл-чарбага тиешелүү 2015-жылдагы аткарган иштери каралды

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети Өкмөттүн 2015-жылы аткарган иши боюнча маалыматын жактырды. 

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев былтыр дыйкан-фермерлерге жеткиликтүү насыя, лизингге техника берүү, ирригация маселеси колго алынганын билдирди. 

Быйыл да насыя менен убагында камсыздоо жана лизингге бериле турган техниканын үстөк пайызын 30 эмес 10 пайызга түшүрүү иши колго алынганы айтылды.


Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына ылайык күнөскана иштеткен дыйкандар көбөйдү, Чүйдө заманбап мал соючу жай жана логистикалык борбор ачылды. Ошол эле учурда өкмөт өкүлдөрү кемчиликтерди да санап өттү. 

Айыл жана суу чарба министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында былтыр малдын башын идентификациялоо ишке ашпай калган жана талаачылык менен кайра иштетүүгө жакшы көңүл бурулбаганын белгиледи. 

Ошол эле учурда депутат Дастан Жумабековдун суроосуна жооп берген Каржы министри Адылбек Касымалиев былтыр импорттун көлөмү азайгандыктан ЕАЭБден түшчү бажы төгүмдөрү төмөн алынганын ырастады.