Жаңылыктар
Боронов өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Өзгөчө кырдаал
Боронов өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларын көрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

«Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралар топтомун ыкчам тартипте ишке ашыруу керек. Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиги сакталган жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу кажет», – деди биринчи вице-премьер-министр. Кубатбек Боронов бардык потенциалдуу кооптуу участоктордо алдын алуу чараларын өз убагында аткаруу, зарыл шартта жарандарды сел же көчкү коркунучу бар жерлерден көчүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр май куюучу жайлардагы, химиялык жана уулу заттар, тез күйүүчү жана күйүүчү суюк майлар колдонулган өнөр жай ишканаларындагы, мунайзат продуктуларын сактоочу жайлардагы өрт коопсуздугу маселелерине токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.