Жаңылыктар
АКШ Мексикадан импорттолгон товарларга кошумча тариф киргизүүнү токтотту
Дүйнө
АКШ Мексикадан импорттолгон товарларга кошумча тариф киргизүүнү токтотту

АКШ Президенти Дональд Трамп Мексикадан импорттолгон товарларга беш пайыздык кошумча тариф киргизүү аракети токтотулганын жарыялады. Бул чечими жөнүндө Трамп 7-июнда "Твиттерге" жазып, Кошмо штаттар Мексика менен бирдиктүү пикирге келгенин билдирди. Анын айтымында, Мексика мигранттардын санын азайтуу үчүн олуттуу чара көрүүгө макул болгондуктан, кошумча тариф киргизүү белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Трамп 30-майда Мексика тарап Кошмо Штаттарга кирип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотмоюнча катаал чаралар улана берерин, тарифтер бара-бара 25 пайызга жетиши мүмкүн экенин айткан эле. Алгачкы тарифтер 10-июнда иштей баштамак.

Мексика Трамптын чечимин "кыйратуучу" жүрүш катары мүнөздөгөн. АКШ Президенти Мексиканы Борбордук Америкадан Түндүк Америкага агылган мигранттарды токтото алган жок деп айыптап келет. Мигранттардын көпчүлүгү Гондурас, Гватемала жана Сальвадордун жарандары.

2018-жылы АКШ менен Мексиканын ортосундагы соода жүгүртүү 671 миллиард долларды түзгөн.