Жайкысын суу жээгинде эс алган учурунда коопсуздукту сактагыла деген эскертүү иши Нарында жүрдү. Элге коопсуздук чараларын түшүндүрүү ишин Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы колго алды. Анткени Нарын шаары жана району боюнча эс алуучулар көп барган суу жээктериндеги кооптуу аймактардан 28 жер бар.
Аларга атайын эскертүү белгилери илинип, көзөмөлдө турганы менен кокустук болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Мындан улам ар бир жаран өз өмүрүн тобокелге салбай, жанына алып барган жаш балдарга жоопкер болуп, суу жээгинен алыс жерде дем алышы керектиги эскертилди.