Жаңылыктар
Жапония: мекендештерибиз коопсуз жайларда
Өзгөчө кырдаал
Жапония: мекендештерибиз коопсуз жайларда

Жапониянын Кумамото префектурасында жердин силкинүүсү дагы кайталанышы ыктымал болуп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги төрт кыргыз жаранын эвакуациялады.

Элчиликтин имаратына убактылуу жайгаштырылган 4 адамдын экөө кичинекей балдар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында азыр кыргыз жарандары жок. 

Зилзаладан өтө катуу жабыркабаган Оита префектурасында азыр Кыргызстандын 20 жараны бар. Алардын көбү JDS долбоору аркылуу Жапонияда билим алып жаткан мамлекеттик кызматкерлер. Өткөн аптада өлкөнүн түштүк-батышындагы Кюсю аралындагы эки жолку силкинүү 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган.