Жаңылыктар
Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды
Спорт
Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул туурасында уюмдун Instagram желесиндеги расмий баракчасында айтылат. 

Мушкерлер Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин башталышында эле Шевченко атаандашы Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раунддун башталышында каршылашын бут менен бетке тээп, нокаутка кетирди. 

Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Быйыл 8-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган. Ал бүгүн чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.