Жаңылыктар
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт
Спорт
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт

Токмок шаарында 13-16-июнь күндөрү ардагерлер арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Ага ылайык, мелдешке 30 жаштан 74 жашка чейин эркектер катыша алат.

Мелдеш 55 килограммга чейинки, 61ден 109 кгга чейин жана 109 салмактан жогорку категория боюнча өтөт. Андан сырткары, катышуучулар жаш курагына жараша да бөлүнөт.

Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланат.