Жаңылыктар
Кытай төрагасынын китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
Саясат
Кытай төрагасынын китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

“Си Цзиньпин. Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” аттуу китеп кыргыз тилинде жарык көрдү. Анын бет ачаар аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, китеп кыргыз саясатчыларына, жетекчилерге, жалпы эле окурмандарга баалуу табылга экенин белгиледи. Эмгекте Кытай Эл Республикасынын төрагасынын ар кандай жолугушууларда, жыйындарда айткан сөздөрү камтылган. Андан Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу ыкмасын, Кытайдын өнүгүү жолун баамдаса болот.

Көпчүлүктүн баамында Си Цзиньпин дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын арасында экинин бирине айланып, эл аралык алкакта аброю артууда. Кытай лидеринин башкаруу ыкмасы жана кабыл алган чечимдери бир катар өлкөлөрдүн назарында. Ал төрагалык кылган мамлекеттин кубаты ар жыл сайын артып баратат. Дал ушул жагдайдан улам Си Цзиньпин тууралуу китептер, макалалар байма-бай жарык көрүп жатат. Эми ал тууралуу кыргыз коомчулугу да китептен окуй алат. Мурдагы элчи Бактыгүл Каламбекова англис тилинен которду.

Китептин бет ачаарына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчысы Кытайдын лидеринин китепте камтылган ойлору кыргыз коомчулугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Кубаттуу коңшу өлкөнүн төрагасы өлкөсүн тез өнүктүрүп, дүйнөлүк таасири артып, бирок ошол эле учурда башка мамлекеттердин кызыкчылыгын урматтаган лидер экенин баамдоого болот.

Мамлекет башчысы белгилегендей, китеп “Бир алкак - бир жол” долбоорунун маңызын чагылдырып турат. Кытайдын лидери Улуу Жибек жолунун баалуулуктарын жандандыруу үчүн демилгелеген идеясы жалпы адамзатты бир максатка биригүүгө чакырат. Ошондой эле, жеке Кыргызстан үчүн да үлгү ала турган мааниси бар.

Иш-чарага саясатчылар, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү чогулду. Алар кубаттуу өлкөнүн лидери тарабынан жасалган кадамдарды талдап, жогору баасын берип жатышат.

Китеп Кыргызстан менен Кытайга байланыштуу тарыхый окуянын алдында жарык көрүп отурат. Саналуу күндөрдөн кийин Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен Бишкекке келет. Эки өлкөнүн алакасы дагы бекемделет деп күтүлүүдө. Ал эми бул иш-чаранын катышуучулары китептин 2-тому эртерээк которулса деген тилек менен тарашты.