Жаңылыктар
Казакстан: Касым-Жомарт Токаев атаандаштарынан алдыда
Шайлоо 2023
Казакстан: Касым-Жомарт Токаев атаандаштарынан алдыда

Казакстандагы “Коомдук пикир” институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды. Бул тууралуу уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. 

«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш менен экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын берген. 

Байкоочулар 30 жыл бою өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо, жети талапкердин ичинен утурумдук Президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгарын боолгоп жатышкан.

Касым-Жомарт Токаев шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын уккандан кийин казакстандыктарга кайрылып, ага болгон ишеними жана колдоосу үчүн рахмат айтты. 

"Үгүт иштери цивилизациялык мүнөздө болгонуна абдан кубанычтамын. Чындыгында бул үгүт программаларынын атаандаштыгы болду. Бул нерсе өз кезегинде казакстандыктардын саясий маданиятынын олуттуу түрдө жогорулаганынан кабар берет. Алдыда бизди чоң иштер күтүп турат", — деди Токаев.